ЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алдыМамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда унааны онлайн каттоого болот — жарлыкка кол коюлдуКытай Кыргызстандан тамак-аш азыктарын экспорттоочулар үчүн каттоонун жаңы тартибин киргизүүдө
Мээрим Жуманазарова Түркиядагы мелдеште алтын утту
13.08.2022 | 22:00
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарынын финалында алтын утту.
Ал килем үстүнө бүгүн, 13-августта чыкты. Тайпалык баскычта Жуманазарова Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандан келген балбан кыздардан күчтүү болду.
Ал эми жарым финалда ал түркмөнстандык балбанды жеңип алды.
Алтын үчүн кармашта ал казакстандык Мадина Бакбергенованы жеңди.
Алдыда грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов (77 кг) алтын, ал эми Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшөт.
Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында, 5 алтын, 5 күмүш, 2 коло медаль бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт