Мексикалык блогердин Кыргызстан жөнүндөгү видеосу дүйнөнү кызыктырууда

Мексикалык блогердин Кыргызстан жөнүндөгү видеосу дүйнөнү кызыктырууда

Мексикалык  блогер Луизито Комуника YouTube  каналына Кыргызстан жөнүндө тарткан видеосу 3 күндүн ичинде 3 миллионго чукул киши көргөн. Видеону 22-октябрь күнү жүктөгөн.

Ал кыскача репортажын Кыргызстанга келип тарткан. Акча, желек, эл, дин жөнүндө айтып, кыргыз элинин башкалар менен салыштырып да көрсөткөн. Улуттук оюндар, тарыхый эстеликтер, ресторандар туурасында да кеп козгогон.  15 мүнөттүк видеого ушуларды айтып берүүгө жетишкен.

Көрөрмандар болсо Кыргызстанды «кызыктуу жана кооз өлкө экен» деп тамшанып жатышат. Испан тилинде түшүнгөн күйөрмандар үчүн жакшы пикирлерди жаратууда.

Ал Instagram баракчасына калпак кийип түшкөн сүрөттөрүн жарыялаганын да көрсөк болот.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>