Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мектеп окуучулары 22-марттан 27-мартка чейин эс алат. Бирок Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө 18-21-март күндөрү дагы эс алуу болуп жарыяланды.
Быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз