Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Бишкек шаарындагы мектептер 5-6-февраль күндөрү онлайн окушат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бирок билим берүү мекемелери менчик түрүнө карабай өз алдынча чечим кабыл ала алышт. Эгерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда алар офлайнга өтө алат.
Ал эми балдар бакчалары азырынча иштебейт.