Кышкы саякат. Кыргызстандыктар декабрда кайсы өлкөлөргө учуп кетишти?

Кышкы саякат. Кыргызстандыктар декабрда кайсы өлкөлөргө учуп кетишти?

Жаңы-жыл алдында чет өлкөгө аба каттамдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу  Reporter.kg’ге «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

2023-жылдын декабрь айында Кыргызстандагы аэропорттордон 2 миң 456 эл аралык каттам жасалды. Чет өлкөгө каттамдардын саны былтыркы жылдын акыркы айына салыштырмалуу 6 пайызга көбөйдү. 2022-жылдын декабрь айында 2 миң 311 учак учуп-конгон.

Чет өлкөгө чыккан жарандардын саны  281 миң 38ден 316 миң 934 кишиге, же 12 пайызга көбөйдү.

Аэропорттун маалыматында, кыргыз жарандары декабрь айында көбүнчө Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Индия, Сауд Арабия, Кореяга саякат жасашкан. Жакынкы өлкөлөрдөн Казакстан, Орусия, Кытайга багыт алышкан.

Айтмакчы, 2023-жылы «Ысык-Көл» аэропортунун эл аралык каттамдары 22ден 6 чейин кыскарды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>