Президент Садыр Жапаров мектептерде ата-энелерден мажбурлап акча чогултууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзам боюнча мажбурлап акча чогулткан жарандарга 10 миң сом, юридидикалык жактарга 30 миң сом айып каралган.
Ошол эле учурда, буга чейин мыйзамдын демилгечилери билдиргендей, ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, мыйзам ага тыюу салбайт.