Кыргызстандын мектептеринде бир нече сабактар бириктирилет. Бул тууралуу 12-январда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз билим берүү академиясы жаңы предметтин мазмунун даярдаган.
«Аскерге чейинки даярдык”, «Этика» жана «Мекен таануу» предметтеринин интеграциясы бар. Бул үч предметтин мазмунун камтый турган жаңы предмет болот», — деди Билим берүү министрлигинин башчысы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз