Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Мектептерге башталгыч класстар үчүн жаңы окуу китептери таркатылууда
22.10.2025 | 13:38
Кыргызстанда башталгыч класстар үчүн математика, табият таануу жана англис тили боюнча жаңы окуу китептери келе баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, жаңы окуу куралдарын колдонуу укугу «Окуу китеби» басмасына берилген жана китептер кыргыз жана орус тилдеринде окутулган мектептерге ылайыкташтырылып, редакцияланган. Аларды «Учкун» акционердик коому басып чыгарат.
Жаңы китептердин нускасы төмөнкүчө:
- «Математика», 1-класс — 295 880 нуска, мектептерге жеткирилди;
- «Мен жана дүйнө», 1-класс — 295 880 нуска, таратууда;
- «Математика», 2-класс — 344 660 нуска, мектептерге таркатылууда;
- «Табигый илимдер», 2-класс — басууга даярдалууда.
Министрлик баса белгилегендей, жаңы окуу китептери мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык иштелип чыгып, окутуунун сапатын жогорулатууга жана предметтерди заманбап ыкмалар менен окутууга багытталган

