ЖКнын профильдик комитети кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алдыОшто далилдерди бурмалоого шектелип, милиция кызматкерлери кармалдыСалык кызматы турак эмес мүлккө салык төлөөнүн мөөнөттөрүн эскерттиТажикстан Россияга айыл чарба экспортун көбөйтүүдө: Кыргызстанга жеткирүүлөр минималдуу бойдон калуудаЕАЭБде мунай жана газдын бирдиктүү рынокторун түзүү талкууланды: 2030-жылга чейинки пландарТокмокто аял жарандык никедеги жолдошун өлтүрүүгө шектелип кармалды
Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктары шайлоо бүткөнгө чейин токтотулду
25.08.2020 | 11:18
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Турганбаев парламенттик шайлоого катышат. Ал «Замандаш» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат.
Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар