Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)

Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кетти.

Депутат УКМКнын башчысына бир катар суроолорду узатты.

“Маселе эртеби-кечпи чечилиши керек болчу. Сол жээк каналы Өзбекстанга кандай керек болсо, Кыргызстанга дагы ошондой керек. 200 чакырым канал Кемпир-Абад аркылуу менин туулуп өскөн айылым Төө-Моюн айылы аркылуу Бүргөндүгө чейин барышы керек болчу. Бүгүн Төө-Моюнда суунун жоктугунан 6-7 миң гектар жер суусуз калууда. Эгер канал өтүп калганда биздин миңдеген гектар жерлер суу менен камсыз  болмок. Силер Өзбекстан тарапка эмне үчүн сол жээк каналын курбай жатасыңар? деген суроо менен кайрылдыңарбы?”, — деп сурады депутат.

Камчыбек Ташиев жооп берип жатып, бул канал Баткенге чейин жетип, миңдеген гектар жерлер сугарылмак экенине токтолду.

“Союз убагында куруу пландаштырылган. Буга чейин бир дагы өкмөт бул маселе боюнча ийгиликке жете алган эмес. Ал эми биз кандайдыр бир деңгээлде ийгиликке жеттик. Каналдын өзүн курдура алган жокпуз. Ал башка өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өтүп жатат. Биз Өзбекстан менен бир мамлекет эмеспиз. Биз суу эмес, эки метр жер өтүп кетсе, ызы-чуу болуп жатабыз. Ошондуктан каналдын курулушу эки өлкөгө тең максатсыз болуп калды. Ушундай чечим кабыл алынды”, — деди Ташиев.

Ошондой эле, ал бул каналды куруудан баш тартууга мажбур болгонун, канал курула турган жерге азыр үйлөр курулуп калганын кошумчалады.

Ал эми депутат Өмүрбек Бакиров 10 гектар жөн жерге караганда, 1 гектар суулуу жер өлкө үчүн маанилүү экенин айтты.

Камчыбек Ташиев өз кезегинде “өткөндө дагы ушул суроону бергенсиз, мен сизге айткам, жазып жибериңиз, жооп берем деп. Өзүңүз жазбай, сөз менен сүйлөп коюп атасыз”, деди.

Ал эми депутат айткан сөзү документ катары кетерин белгилегенде, Ташиев “сиздин айткан сөзүңүздү аткара тургандай, сиз ким экенсиз?”, деди.

Бакиров Ташиевге “мен депутатмын” деп жооп кайтарды.

“Мен сиздин кандай депутат экениңизди, кантип шайланганыңызды дагы билемин” деди Ташиев.

Ал эми Бакиров: “Камчыбек Кыдыршаевич, биз сизди сыйлайбыз. Бул жерде Бакиров жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Жер, суу, Кемпир-Абад маселеси көтөрүлүп жатат. Колуңардан келсе, мени бышырып жегиле. Мен өзүм жөнүндө сүйлөгөн жокмун. Мени 11,5 миң эл шайлаган. Кандай шайланганымды эл билет”, — деп жооп кайтарды.

Ал эми УКМК башчысы “Бышырып жегидей, сиз кекиликсизби?”, — деди.

Андан соң, депутат Фархад Исмаилов УКМКнын башчысына болушуп, Өмүрбек Бакиров экөө мушташа кете жаздады. 

Парламентте эки депутат Ташиев үчүн мушташа кете жаздады — видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>