Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Мэрия Бишкектеги «Салам Баку» кафесин бузууда
10.09.2025 | 15:35

Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Салам Баку» кафесин демонтаждоону баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктагандыктан жана объект суу коргоо зонасында жайгашкандыгы үчүн комиссия ижараны узартуудан баш тарткан.
Мындан тышкары, кафенин жанындагы мурда сезондук аянтча катары колдонулуп келген 2295 чарчы метр жер тилкеси да демонтаждалмакчы.