КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Нарында интернеттен таанышкан кызга ыдык көрсөткөн киши кармалды
10.09.2025 | 15:45

Нарын шаарында жашы жете элек кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-августта Нарын ШИИБге аталган факты катталган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1995-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну аныкталган. Ал жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганы такталган.
8-сентябрда бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.
Шектүү соттун чечими менен 4-ноябрга чейин камакка алынып, ТИЗО №24 мекемесине киргизилди.