Ишкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалдыПарламенттик шайлоо: БШК №13 округ боюнча кайра шайлоону токтотуп, мурдагы жыйынтыкты мыйзамдуу деп таптыКыргызстанда ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1,2 млн долларга вакцина сактоочу кампа курулатАйыл чарба министрлиги менен нидерланддык компаниялар үрөнчүлүктү өнүктүрүү боюнча кызматташууга кол коюшту14-февралдын аба ырайы: Жаан, кар жаайтКөк-Мойнок, Токтогул жана тоңгон Ара-Көл: Кыргызстандын табият кубулуштары аркылуу өткөн жол
Мэрия: Шаардын жолдорундагы кемчиликтер жоюлат
11.09.2025 | 17:35

Муниципалдык ишкана «Бишкекасфальтсервис» карталык оңдоо ыкмасы менен шаардагы жолдордун бетиндеги деформацияларды жана тегиз эместиктерди жоюу иштерин улантууда.
Учурда И.Ахунбаев жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишинде асфальт төшөө үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Сухэ-Батор — 7-Апрель, А. Токомбаев — Байтик Баатыр, А. Масалиев — Ч.Айтматов, Калинин — Көлбаев жана У. Салиева — Лермонтов көчөлөрүндө жол оңдоо иштери аяктап жатат.
Ишкана билдиргендей, шахардагы бардык деформацияланган участкылар карталык ремонттоо графигине ылайык толугу менен оңдолот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом