«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу жеңип алды
«Мейкин Азия» эл аралык музыкалык фестивалынын баш байгеси — Гран-прини румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды. Ага $8000 акчалай сыйлык тапшырылды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, музыкалык сынакка 25 мамлекеттен таланттуу аткаруучулар катышып, фестиваль жогорку деңгээлде өттү.
Фестивалдын жыйынтыгында орундар төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:
I орун — Урмат Сатыбалдиев (Кыргызстан)
II орун — үч аткаруучу:
- Камир (Кыргызстан)
- Кира Гоголадзе (Россия)
- Виталий Дроп (Беларусь)
III орун — - Полина Тасева (Түндүк Македония)
- Тулкин Тажиев (Өзбекстан)
Ошондой эле, «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» наамына Саха Республикасынан келген катышуучу Кирилл Матвеев татыды.
Эскерте кетсек, «Мейкин Азия» фестивалы — популярдуу музыка багытындагы жаш таланттарды колдоону жана маданий кызматташтыкты чыңдоону максат кылган эл аралык масштабдагы долбоор. Ал 2013-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп келет.