Москва шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстандык жана Тажикстандык мигранттар массалык мушташ уюштурду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн укук коргоо органдарына таянуу менен ТАСС жазып чыкты.
Пикир келишпестиктен улам чыккан жаңжалга 15тей адам катышкан. Натыйжада 6 адам жаракат алып, тогузу полиция бөлүмүнө жеткирилген.
Экөө миграция мыйзамдарын бузганы үчүн жоопкерчилигине, жетөөнү майда бейбаштык боюнча жоопко тарткан.