Доллар эмне себептен төмөндөдү жана качан жогорулайт? Эксперттин жообу

Доллар эмне себептен төмөндөдү жана качан жогорулайт? Эксперттин жообу

Узак убакыттан кийин америкалык валюта сомго карата алсырай баштады. Улуттук банктын сайтында көрсөтүлгөн расмий курс боюнча, АКШ доллары 7-майдан бери төмөндөө тенденциясында болуп, натыйжада бүгүнкү күнгө карата 0,64% га түштү.

Америкалык валютанын алсырашына эмне себеп болгону боюнча «Акчабар» каржы порталы эксперт Денис Бердаковдун пикирин сурап көрдү.

«Мындай көрүнүшкө бир нече себептер бар. Рубль кымбаттагандыктан доллар түшүп жатат, ал эми биздин өлкөдө которуулардын көпчүлүгү рубль менен жүргүзүлөт», — деп түшүндүрдү ал.

Эксперттин айтымында, сомдун чет элдик валютага карата бекемделишинде Кыргызстандын Улуттук банкынын интервенциялары дагы чоң роль ойногон. Белгилей кетсек, май айында жөнгө салуучу чет өлкөлүк валютаны саткан же сатып алган эмес, бирок жыл башынан бери валюта интервенцияларына 270 миллион 450 миң доллар сарптаган.

Бердаков белгилегендей, АКШ доллары 84-85 сомдун чегинде узак убакытка чейин турбайт. Мындай көрүнүш болжол менен үч айга созулушу мумкүн.

«Күзгө чейин доллардын баасы 85-86 сомго чейин өсүп кетүү ыктымалдыгы жогору. Бул дүйнөлүк кризиске байланыштуу. Акыркы бир жарым жылдын ичинде глобалдык экономикага сегиз триллион доллар төгүлдү. Биринчиден, дүйнөнүн борбордук банктары инфляцияны тездетет. Ошондо пайыздык чендер көтөрүлөт. Ошентип АКШ доллары кескин көтөрүлөт”, — деп сөзүн жыйынтыктады Денис Бердаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>