Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Милиция: Лейлекте 3 алдамчылык фактысынын бети ачылды
21.09.2023 | 13:55
Баткендин Лейлек районунда алдамчылык боюнча 3 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Лейлекте коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери паспорттук текшерүү өткөрүүдө.
“Лейлек райондук милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүп, район аймагындагы бардык кожолуктарга кирип, жашоочулар менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бир күндүк иш-чарада паспорттук текшерүү өткөрүү учурунда 29 миң 117 жаран бар 6 миң 931 кожолук текшерилип, үч алдамчылык фактысынын бети ачылды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз