Айгүл Жапарованын фонду Кытай элчилигинен канча сом грант алганы айтылды

Айгүл Жапарованын фонду Кытай элчилигинен канча сом грант алганы айтылды

Президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын «Эне – балага тирек» коомдук фонду журналисттердин аталган фонд Кытайдын элчилигинен миллиарддаган сом грант алганы тууралуу иликтөөсү боюнча үн катты.

Фонд билдиргендей, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги аларга 9 млрд сом которгон деген маалымат туура эмес.

«Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 млн 112,2 миң сомдук жардам көрсөткөн.

Ал эми Чакмак Мемет аттуу жаран тарабынан 563,6 миң сом, «Ас-Сафа» фонду майыптар үчүн 1 млн 315,2 миң сомдук материалдык жардам, тактап айтканда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн майыптар арабасын берген», — деп айтылат маалыматта.

Фонд айрым маалымат ресурстарында тарап жаткан милларддык акча каражаттары тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Иликтөө даярдагандар экинчи тараптын пикирин эске алып, тактоо кылган эмес. Биз, кызыккан массалык маалымат каражаттарына бул цифралар тууралуу маалыматты көрсөтүп, түшүндүрмө бергенде даярбыз», — деп билдирди фонд.

Эскерте кетсек, буга чейин Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери Айгүл Жапарованын «Эне – балага тирек» фондунун отчетуна таянып, Кытайдын элчилигинен 9 млрд сом акча алганын иликтеп чыккан. Иликтөөдө айтылгандай, Айгүл Жапарованын фонду Салык кызматына тапшырган отчетунда алар Кытай элчилигинен 9,1 млрд сом, Чакмак Мемет аттуу жарандан 563,6 млн сом жана «Ас-Сафа» фондунан 1,3 млрд сом грант алганы көрсөтүлгөн.

Иликтөө чыккандан кийин Салык кызматы түшүндүрмө берип, отчетто сандарды көрсөтүүдө бухгалтерлер ката кетирип алган болушу мүмкүн экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>