Милиция: Сүйүн Өмүрзаковго карата жалган маалымат таркаган

Милиция: Сүйүн Өмүрзаковго карата жалган маалымат таркаган

Интернет айдыңында Адылбек Ыдырысовго Өмүрзаковдор кол салгандыгы жөнүндө жалган маалымат таратышууда. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде Венера Касымова аттуу жаран коомчулукка өлкө жетекчилигине социалдык тармак аркылуу кайрылып, ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковго жана анын бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаковго карата бир топ далилденбеген фактыларды келтирип, айрым бир мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экендигин айтып чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Ал өзүнүн кайрылуусунда Кайназар Ыдырысов аттуу жарандын Президентке Өмүрзаковдор тууралуу кайрылгандан кийин, Өмүрзаковдор тарабынан кысымдар көрсөтүлүп жаткандыгын  айтып, мисал катары анын бир тууган агасы Адылбек Ыдырысовго кол салуу болгонун белгилеген.

Шаардык милиция бул кызмат адамдарына карата жалган жала жабуу экенин билдирген.

Ош ШИИБдин облустук бириккен клиникалык ооруканасына 20-мартта саат 23:35те денесинен жарат алган, 1967-жылы туулган Ош шаарынын тургуну  Адылбек Ыдырысов алынып келингендиги тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, анда Адилбек Ыдырысов өзүнүн үйүнө кирип бара жатканда белгисиз адамдар кол салып, анын “Редми-5” үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкандыгы аныкталган.

Бул факты 201-берене (тоноо) менен катталып, Адылбек Ыдырысовдун алган жаратынын деӊгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 12-апрелдеги экспертизанын корутундусуна ылайык,  Ыдырысов денесинен анча оор эмес жарат алгандыгы аныкталган.

Адылбек Ыдырысовго кол салган шектүү жаранды  табуу максатында ыкчам иштер күнү-түнү жүрүп, натыйжада анын Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.  Кылмышка шектүү катары изделип жаткан 33 жаштагы Ш.Б. аттуу Кара-Кулжа районунун тургуну Бишкек шаарынан кармалган.

Алгачкы тергөө ишинин жүрүшүндө кылмышка шектүү Ш.Б. бир күн мурда ичип, баш жазууга акча таппай, тоноо максатында Адилбек Ыдырысовго кол салып, анын уюлдук телефонун тартып алгандыгын жана аны Ош шаарындагы “Келечек” базарында белгисиз бирөөгө 1000 сомго сатып жибергендигин айткан.  Тоногон адамды мурда көрбөгөнүн жана тааныбагандыгын билдирген.

Уюлдук телефонду “Келечек” базарынан сатып алган жаран Н.З. өз көрсөтмөсүндө аталган базарда эски телефондорду алып-сатуучу  болуп иштээрин, 21-март күнү белгисиз атуулдан 1000 сомго “Редми нот 5” үлгүсүндөгү телефонду сатып алганын, аны башка бирөөгө 4 миӊ сомго сатып жибергенин айткан.

Учурда бул тоноо фактысы боюнча тиешелүү иликтөө иштери уланып жатканы, шектүү катары кармалган Ш.Б. Бишкектен Ош шаарына жакынкы күндөрү алынып келинери айтылат.

“Атайылап жалган маалымат таратып коомчулукка күнөөсү жок адамдарга  көө жабууга аракет жасаган ушундай жарандардын бар экендиги өкүнүчтүү. Ак ийилет, бирок сынбайт. Ким кылмышка күнөөлүү болсо ал сөссүз жообун алууга тийиш. Жалган маалыматтарды тараткандарга да бир күнү жазасын тартууга туура келет. Урматтуу жарандар жалган маалымат таратуудан алыс болсонуздар”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>