Милиция Сүлүктүнүн шаардык кеңешинин төрагасын кармады

Милиция Сүлүктүнүн шаардык кеңешинин төрагасын кармады

Баткен облусунда Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасы Мырзаулук Кутпидинов кармалды.

Милициянын маалыматы боюнча, буга чейин шаардык прокуратура «Тазасууканал» муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөө Сүлүктүнүн милициясына өткөрүлүп берилген.

Кылмыш иштин алкагында бул ишке шектүү катары «Тазасууканалдын» мурдагы жетекчиси 28 жаштагы Мырзаулук Кутпидинов кармалды. Ал мамлекетке 161,2 миң сом зыян келтирген деп шектелүүдө.

Кутпидиновго 337-берене (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 346-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча айып тагылууда.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Мырзаулук Кутпидинов быйыл февраль айында шаардык кеңештин төрагасы болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>