Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Милиция уурдалган мотоциклди унаа оңдоочу жайдан тапты
11.06.2024 | 17:30
Бишкекте мотоцикл уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 26-майга караган түнү шаардагы үйлөрдүн биринин короосунан белгисиз адамдар 1,4 миң долларлык Suzuki 7 мотоциклин уурдап кеткен. Мотоциклин уурдаткан жаран милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери кайгуул жүргүзүү учурунда уурдалган мотоциклди шаардагы унаа оңдоочу жайлардын биринен тапкан. Аны менен бирге шектүү жаран колго түшүрүлгөн.
Кармалган адам 35 жаштагы Б.М. аттуу жаран болуп чыккан. Ал Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
