Кызды ала качып барып, өлтүргөн жигит мурда 3 жолу соттолгон. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал аталган жигит тууралуу орусиядан расмий маалымат алынганын, ага ылайык, кыздуу өлтүрүүгө айыпталып жаткан жигит 3 жолу соттолгонун айтты.
“Буга чейин 3 жолу соттолгон. 2008-жылдан баштап абакта отурган. 2017-жылы Орусиянын аймагынан чыгарылган”, — дейт Ниязбеков.