Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегияда Ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн 100 жетекчиге тартип жазалары берилди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалыматка караганда, коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн бүгүнкү отурумга катышкан 100 жетекчи кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди.
Андан сырткары жетекчилик курамдагы 4 кызматкерге кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ошону жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүнө баа бериле тургандыгы коллегиянын чечиминде белгиленди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз