Милициянын жетекчилерине 7 багыт боюнча тапшырма берилди

Милициянын жетекчилерине 7 багыт боюнча тапшырма берилди

Милицияга болгон элдин ишенимин жогорулатып, кызматтык милдеттерди аткарууга жетишкен жетекчи – эч качан жаңылыштыкка барбайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин 2022-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумунда билдирди.

Ал жыйында, жалпы элдин коопсуздугуна жана өлкөнүн ички коомдук тартибин мындан ары чыңдоо максатында, ушул жылы ички иштер башкармалыгынын жетекчилерине 7 приоритеттүү багыт боюнча натыйжалуу иш-чараларды алып баруусун тапшырды.

Биринчи багыт: Элге заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүп, коомдук коопсуздукту камсыздоого арналган – Милициянын көчмө кабылдамалары күнү-түнү элдин кызматында иш жүргүзүп, милициянын коомчулукка ачыктыгын көрсөтсүн;

Экинчи багыт: Кылмыштын бетин ыкчам ачып, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөөнү мындан ары улантып, региондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу колго алынсын. Кылмыштарды жана окуяларды жаап-жашырууларга, жеке кызыкчылык үчүн иш алып барууларга жол берилбесин;

Үчүнчү багыт: Жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алууга арналган – «Таза тергөө» программасы бардык аймактарда ушул жылы толугу менен ишке киргизилсин.

Ар бир жарандын арызына туура юридикалык баа берилип, мыйзам чегинде ишмердик жүргүзүп, элдин ишенимин жогорулатууга карата аракеттер колго алынсын;

Төртүнчү багыт: Жардам сурап кайрылган жарандарга жана милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө арналган – курулуштарды жүргүзүп, ишке киргиздик. Бирок, быйылкы жылы дагы кошумча курулуштарды ишке киргизүү маанилүү кадам болуп саналсын;

Бешинчи багыт: Элдин ишенимин жогорулатып, коомчулуктун таянган тиреги болууга арналган максаттарга тоскоолдуксуз жетүү үчүн – өз ичибизден тазалануу иштерин улантып жатабыз. Ички иштер министрлиги качан чечим кабыл алат деп карап отура бербей, өзүңүздөр да координалдуу чечимдерди кабыл алыңыздар. Пара алган, элдин нааразычылыгын жараткан, оройлонгон, текеберленген, өз ишине шалаакы мамиле жасаган кызматкерлер арабызда болбошу керек деген принципте иш алып барылсын;

Алтынчы багыт: Жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык нормаларды туу туткан кызматкерлерди даярдоо иш-чаралары жүргүзүлсүн.

«Кызматыбыз эл үчүн» деген аталыштагы менин жеке кайрылуумдун алкагында ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого карата уюштуруу чаралары жана кызматкерлер арасында таалим-тарбиялык иштер натыйжалуу аткарылсын;

Жетинчи багыт: Бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун, коопсуздук маселеси менен алектенген бирикмелердин катышуусунда, жаштар арасында, анын ичинде өспүрүмдөр арасында туруктуу негизде иш-чаралар өткөрүлүп турсун.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>