Министрге кийимин чечип, суу кечип иштеген куткаруучулар тууралуу суроо узатылды (видео)

Министрге кийимин чечип, суу кечип иштеген куткаруучулар тууралуу суроо узатылды (видео)

Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге июлдун ортосунда Ош шаарында болгон селде кийимин чечип, муздак сууну кечип иштөөгө аргасыз болгон куткаруучулар тууралуу суроо узатылды.

Маалымат жыйында журналист ӨКМдин куткаруучулары сууда атайын кийими жок иштеп жүргөнү соцтармактарда талкууга алынганын айтып, «куткаруучулар үчүн сууга кийгенге атайын кийим барбы?» деген суроо салды. Министр кайра журналисттин өзүнө кайрылып, «куткаруучулар үчүн атайын кийимди кандай элестетесиз?» деген суроо узатты.

Журналист куткаруучулар үчүн атайын кийимди иштөөгө ыңгайлуу, суу өткөрбөй турган, жабык кийим деп элестетерин айтты. Болбосо суу кечкенге узун өтүк болуш керектигин билдирди.

«Сизге андай өтүктү кийгизсе, сиз кийбейсиз, Ал өто оор. Ал өтүктү кийгенде чуркай албайсыз, адамды көтөрө албайсыз. Сууга кирип-чыгуу жеңил болгону жакшы. Биз куткаруучуларга 300 өтүктү алып бергенде да, өтүктү кие турган жер болот. Дайыма эле сууга түшө бербейт. Куткаруу иштеринин түрлөрү көп. Ноокаттагы (Ош шаарындагы — ред.) куткаруу жумуштарында кызматкерлер өзүнүн устав боюнча берилген кийими менен кызмат кылышты», — деди министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>