Министрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Министрлер кабинети республиканын экономика тармактарын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоо иштерин 1-октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өткөн республикалык штабдын жыйында айтылды.
Жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана аймактардагы энергетика ишканаларынын башчылары катышкан.
Отурумда өлкөдөгү суу сактагычтарда суу топтоо, өзгөчө Токтогул суу сактагычындагы учурдагы суунун көлөмү, керектөөчүлөрдү электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо, Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук берүүчү муниципалдык ишканалардын даярдыгы, ошондой эле экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо, аны менен катар көмүргө болгон баа саясаты талкууланган.
Бакыт Төрөбаев саламаттык сактоо, социалдык жана билим берүү мекемелери жылуулук мезгилине өз убагында даярдалып жана отун менен камсыздалышы керектигин тапшырган.
“Облустун жетекчилери жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер сиздерден талап кылам, жергиликтүү калк жетиштүү көлөмдө жана алгылыктуу баада өз убагында көмүр менен камсыздалсын. Жылуулук берүү мезгилине аз убакыт калгандыгына байланыштуу министрликтер жана ведомстволордун жетекчилерине эскертип кетем, айтылган маселелерге өз убагында даярданбасаңар тиешелүү чечимдер кабыл алынат”, – деген ал жыйында.