КР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыКатуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырды
“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалды
26.08.2025 | 17:28

Максат Жумаев Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Максат Жумаев 40 жашта, ал Нарын мамлекеттик университетин “Автоматташтырылган маалыматтарды иштеп чыгуу жана башкаруу системалары” адистиги боюнча аяктаган.
2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин “Asman cinema production” киностудиясында режиссёр, продюсер, сценарист болуп иштеп келген. Анын капчыгында төмөнкү эмгектер бар:
- “Туман” (2012) — режиссёр, сценарист;
- “Гонщик таксист” (2013) — режиссёр;
- “Временный парень” (2014) — режиссёр;
- “Эне жүрөгү” (2016) — режиссёр;
- “Бажарики” (2017) — продюсер;
- “Бажарики 2” (2018) — продюсер;
- “Баары бир тууган” сериал (2019) — режиссёр, сценарист;
- “Доске” (2021) — режиссёр, сценарист;
- “Разбой” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Жаным” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Разбой — новая глава” (2023) — режиссёр, сценарист;
- “Террорист” (2024) — режиссёр, сценарист;
- “Участковый инспектор Марат” (2024) — режиссёр, сценарист.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы