Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын экономикалык секиригинен түшкөн акча кайда кетип жатканын айтып берди
Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев парламенттин алдында экономикадагы тарыхый бурулуш тууралуу отчет берди: өлкөнүн консолидацияланган бюджети биринчи жолу 1 триллион сомдук чектен ашты, ал эми ИДПнын өсүү темпи Кыргызстанды дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кошту. Өкмөт башчынын айтымында, рекорддук кирешелер жана бюджеттин профицити капиталдык салымдарды беш эсеге көбөйтүүгө жана аларды стратегиялык мегадолбоорлорду ишке ашырууга жумшоого мүмкүндүк берди.
Адылбек Касымалиевдин билдирүүсүнө караганда, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүүсү 11,5%ды түзүп, алгачкы божомолдордон кыйла ашып түшкөн, ал эми 2025-жылдын 11 айында динамика 10,2% деңгээлинде сакталды.
Номиналдык мааниде алганда экономиканын көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик үч эсеге өстү жана божомолдор боюнча, 2025-жылдын аягына чейин 1,8 трлн сомго жетет.
Бул ийгиликтер эл аралык деңгээлде таанылды: Эл аралык валюта фондунун (МВФ) маалыматына ылайык, Кыргызстан 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча Кытай менен Индиядан гана артта калып, дүйнөнүн алдыңкы үч лидеринин катарына кирди жана 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээледи.
Негизги каржылык жетишкендик тарыхый чек — 2025-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин 1 трлн 93 млрд сомго жетиши болду.
Өнүктүрүү стратегиясында каралган бул чекке мөөнөтүнөн эки жыл мурда жетишилди. Ошол эле учурда бюджеттик саясат жогорку натыйжалуулукту жана туруктуулукту көрсөтүүдө: салыктык жана бажылык түшүүлөрдүн олуттуу өсүшүнүн шартында 2024-жыл 34,3 млрд сомдук профицит (ашыкча киреше) менен аяктаган.
Кирешелердин өсүшү мамлекетке чыгашалардын түзүмүн түп-тамырынан бери кайра карап чыгууга мүмкүндүк берди.
Капиталдык салымдардын көлөмү беш эседен ашык — 51,7 млрд сомго чейин көбөйтүлдү.
Бул каражаттар өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоого багытталган мегадолбоорлорду ишке ашырууга жумшалууда: Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу. Ошондой эле мамлекеттик банктарды капиталдаштырууга жана Мамлекеттик ипотекалык компанияны колдоого олуттуу ресурстар бөлүнгөн.
Инфратүзүмгө масштабдуу инвестиция салуу менен катар социалдык чөйрө артыкчылык бойдон калууда. 2024-жылы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоого 175 млрд сомдон ашык каражат багытталса, 2026-жылдын бюджетинде бул сумма 230,9 млрд сомго чейин өсөт.
Өкмөт өлкөдөгү масштабдуу өзгөрүүлөрдү улантуу үчүн 2026-жылдын консолидацияланган бюджетине кеминде 1 триллион сом чогултуу милдетин коюп, алынган темпти сактап калуу ниетинде.