Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Министрлик: 1–2-класстарга кошумча орундар ачылат
11.08.2025 | 09:41

Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылына карата биринчи жана экинчи класстарга кошумча кабыл алуу жүргүзүлөрүн билдирди. Бул орундар 2025-жылдын 8-августуна карата бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.
Кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталып, 15-августта аяктайт.
Ата-энелер баланы каттоо үчүн анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү “Түндүк” тиркемесиндеги “Санариптик документтер” бөлүмүндө бар экенин алдын ала текшериши керек. Каттоо “Түндүк”, “Мбанк”, “МойО!+ Банк тиркемелери же 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу жүргүзүлөт.
Кошумча орундар ачылган мектептердин тизмеси бул шилтемеде.
Рубрики: Жаңылыктар