Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Министрлик: Бишкекте холера тарап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт
26.09.2025 | 16:18

Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаада холера тарап жатат деген социалдык тармактардагы маалыматтарды төгүндөдү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал толугу менен туруктуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ошентсе да, алдын алуу иштеринин жүрүшүндө Ош шаарынын, Араван жана Кара-Суу райондорунун аймагынан алынган үлгүлөрдө холера вибриону аныкталганы кабарланды.
Дарыгерлердин түшүндүрүүсүндө бул табылган вибрион адам үчүн коркунуч жаратпайт. Ошол эле учурда эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү.
Министрлик жарандарды инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого чакырды:
- таза, кайнатылган суу гана ичүү,
- колду самындап жуу,
- жашылча-жемишти жакшылап жууп колдонуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом