Айсулуу Тыныбекова уул төрөгөнүн жарыяладыИранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Министрлик: Кыргызстанда чыгарылган паспорт коопсуз жана арзан
03.06.2024 | 10:19
“Учкун” басмаканасында чыгарылган жаңы үлгүдөгү паспортторуна бир нече коопсуздук элементтери кошулуп, сапаты жагынан дүйнө боюнча сап башында турат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан паспорт жогорку денгээлдеги 15 ке жакын коргоочу элементтерге ээ. Анын ичине контаксыз электрондук чип орнотулган. Бул электрондук эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берет.
Ошондой эле, чиптин операциялык системасы ИКАОнун сунуштарына туура келет. Электрондук чиптин ичине жарандын жеке маалыматтары (биометрикалык, бармак издери, санариптик колтамгасы, бет түзүлүшүнүн санариптештирилген образы) киргизилген.
Анын баасы – 681 сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом