Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги бекитилди
15.07.2022 | 10:30
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турунун графигин бекитти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо беш турда өтөт:
- биринчи – 18-июлда саат 8.00дөн 20-июль саат 14.00гө чейин;
- экинчиси – 25-июлда саат 8.00дөн 27-июль саат 14.00гө чейин;
- үчүнчүсү – 1-августта саат 8.00дөн 8-августта саат 14.00гө чейин;
- төртүнчүсү – 8-августта саат 8.00дөн 10-август күнү саат 14.00гө чейин;
- бешинчи — 15-августта саат 8.00дон 20-августта 14.00го чейин.
Жогорку окуу жайга тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасынын сайтынан катталуу керек.
Министрликтен белгилегендей, каттоодон өткөндөн кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери сайтка жайгаштырылат. Андан кийин талапкерлер жогорку окуу жайга тапшыруу каалоосун ырасташы керек.
«Эгерде бош орундар болсо, 22, 23, 24-августта окууга кошумча сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет», – деп кошумчалады Билим берүү министрлиги.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим