Site icon Reporter.kg

Парламент төрт талапкердин министр болушуна макулдук берди

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеш төрт министрликтин башчылыгына сунушталган талапкерлерди колдоду.

Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Уланбек Мамбетакунов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына Алтынбек Максүтов, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчылыгына Тилек Текебаев, энергетика министринин кызмат ордуна Таалайбек Ибраев сунушталган.

Эскерте кетсек, буга чейин энергетика министрлигин Доскул Бекмурзаев жетектеп келсе, маданият министри кызматын Азамат Жаманкулов, билим берүү министри болуп Алмазбек Бейшеналиев жана транспорт министри кызматын Эркинбек Осоев ээлеп турган.

Төрт министрдин ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version