МинКаб Төрагасы Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясы менен жолукту

31.07.2025 | 12:54

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Улуттук Жыйынынын депутаты, Азиянын Улуттук Ассамблеясынын Суу ресурстары боюнча Консультативдик кеңешинин президенти Хан Чжонэ жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын климаттык максаттары тууралуу маалымат берип, өлкө 2030-жылга чейин булганыч газдардын көлөмүн 16%га, эл аралык колдоонун негизинде 44%га чейин кыскартууну пландап жатканын, ошондой эле 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүгө умтуларын билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан 2019-жылдан бери баш кеңсеси Сеулда жайгашкан Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун мүчөсү экенин эске салып, аталган институт менен биргеликте “Борбор Азиядагы суу ташкындары жана кургакчылык менен күрөшүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу” долбоору ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ал эми Хан Чжонэ Корея Республикасы Кыргызстан менен суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана климаттык туруктуулук багытындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top