МинКаб Төрагасы Жапониянын JDS стипендиаттарын кабыл алды

Бүгүн, 11-августта Бишкек Ынтымак Ордодо Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапония Өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттарын кабыл алды.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, алар Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери.
Жолугушууда Касымалиев Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Жапон эл аралык кызматташтык борборуна (JICE) ыраазычылык билдирди. Ал JDS долбоорунун маңызына токтолуп, Жапониядан алынган билимдин Кыргызстан үчүн чоң баалуулук экенин белгиледи.
«Жапон эли менен болгон кызматташтыктын ичинде JDS долбоору өзгөчө мааниге ээ. Жапония – сапаттуу билим жана заманбап технологиялары менен дүйнөгө белгилүү өлкө. Сиздер Жапонияда алган билимдериңер менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым кошосуңуздар», — деди Касымалиев.
Белгиленгендей, 2025-жылы Кыргызстандын 19 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери магистратурада, 1 киши докторантурада Жапонияга билим алууга жөнөп жатат. 2006-жылдан бери бул программа аркылуу 327 стипендиат окуп, алардын 60%ы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношкон, 50дөн ашууну жетекчилик кызматтарда иштеп жатат.