21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуЖалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет
Бир жумада 353 мас айдоочу кармалды –ИИМ
11.08.2025 | 13:16

4-августтан 10-августка чейин Кыргызстандын аймагында 23 миң 234 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Белгиленген мыйзам бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 938 факт;
- Мас абалында айдоо — 353 факт;
- Автоунаа терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 165 факт;
- Жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежесин бузушу — 1 090 факт;
- Транспорт каражаттарын туура эксплуатациялоого байланыштуу бузуулар — 4 187 факт;
- Авто ээнбаштык — 110 факт;
- Ылдамдыкты ашыруу — 3 481 факт;
- Жалган мамлекеттик номер менен айдоо — 6 факт;
- Башка жол эрежелеринин бузулушу — 16 495 факт.
Ошондой эле, 2 403 автоунаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар