Араванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулатКытай 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болдуБишкекте Маалыматтык коопсуздук борборунун имараты ачылды
Данияр Амангелдиев Казакстандын «Достык» ордени менен сыйланды
24.09.2025 | 11:53

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Орденди Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев «Маданий дипломатия — боордоштукту бекемдөө жолунда» кыргыз-казак илимий – чыгармачыл интеллигенциянын тогузунчу форумунда тапшырган. Аталган форум Бишкек шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун алкагында өткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат