Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Жардам керек! Бишкекте 21 жаштагы Эрмек Бапалиев дайынсыз жоголууда
24.09.2025 | 11:18
Бишкек шаарында 21 жаштагы Эрмек Бапалиев дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 21-сентябрда саат 11:00 чамасында 10-кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын жүргөн жери белгисиз болууда.
Эрмек Бапалиев күрөң түстөгү кофта, кара шым жана ак спорттук бут кийим кийип жүргөн. Ошондой эле кара рюкзак асынып жүргөн.
Милиция анын кайда экендиги тууралуу маалыматы бар адамдарды Ленин райондук ИИБге төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүгө чакырат: 0551 08 83 30, 0707 14 34 71 же 102.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар