“Ынтымак-Ордодо” Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Отурумдун күн тартибинде министрлер кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдор ортосунда түзүлгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды. Анын алкагында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагында генерациялануучу кубаттуулугу 1900 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашуу жактырылды.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, өлкөдө күз-кыш мезгилинде 3-4 млрд кВт/саат электр энергиясынын тартыштыгы жаралат. Бул көйгөйдү чечүү максатында энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.