БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Минскиде өткөн ЕАӨК жыйынында бир катар чечимдер кабыл алынды
30.09.2025 | 20:33

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны Минск шаарында өтүп, анын жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге жана чечимдерге кол коюлду.
Кабыл алынган чечимдер жана тескемелер:
- 2020-жылдын 10-апрелиндеги №2 чечимдин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим;
- 2015-жылдын 29-майындагы №13 тескемени күчүн жоготту деп табуу жөнүндө чечим (ЕАЭБ алкагында бирдиктүү транзиттик системаны жана бажы транзитинин кепилдик механизмдерин өркүндөтүү боюнча);
- “Чыгыш – Батыш” жана “Түндүк – Түштүк” багыттары боюнча транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 2024-жылга отчет тууралуу тескеме, анын ичинде Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен координациялоо жөнүндө;
- ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизминин ишин баштоо тууралуу чечим;
- Өнөр жай тармагындагы мамлекеттер аралык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча Жобону бекитүү жөнүндө чечим;
- ЕАӨК кезектеги жыйынынын өтүү убактысы жана орду тууралуу тескеме.