«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду белгисиз бирөөлөр алып кетишкен. Бул тууралуу Орозайым Нарматова Фейсбук баракчасына билдирди.
Айрым маалымат каражаттары анын кармалганын жазып чыгышты. Бирок маалымат азырынча тастыктала элек.
«Ураимов Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине негизги каршы болгондугун эске сала кетейин. Бир нече күн мурун ал мага УКМКнын жигиттери коркутууга аракет кылып жатканын айткан», — деп жазган Нарматова.