Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды — УКМКБыйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза таптыБишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилет
ММКФ: Элнура Боронбаева саламаттык сактоо министрлигине барбайт
27.07.2020 | 14:04
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) маалымат кызматы аталган мекеменин жетекчиси Элнура Боронбаеванын саламаттык сактоо министри болуп дайындалары тууралуу маалыматты четке какты.
“Элнура Боронбаев учурда дарыланууда. Анын саламаттык сактоо министри болору тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт”, – деп жазылат мекеме жиберген расмий билдирүүдө.
Буга чейин биз ишенимдүү булактарга таянып, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткенин жана анын ордуна Элнура Боронбаева дайындалаары тууралуу жазганбыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом