Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Молдовановка колониясына 2 кг баңгизат киргизүүгө аракет кылгандар кармалды
01.04.2022 | 14:46
Молдовановка айылындагы №1 колониянын ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери менен ИИМдин кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 31-март күнү 2 кылмышкер кармалды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, алар Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 1995-жылы туулган Ч.у.Т. жана Сокулук районунун Камышановка айылынын 1999-жылы туулган К.А.Н.
Аларды тинтүү учурунда 2 кг 170 гр лентага оролгон өзгөчө жыты бар боолор табылган.
Кызматкерлер окуя боюнча тиешелүү органдарга кабарлашып, кармалгандарды Аламүдүн РИИБине алып кетишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар