Бүгүн, 14-апрелде Москвадагы «Бодрость» мончосунда Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын элчиси Сергей Вакунов чакыртылды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Элчи менен тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жолуккан.
Жолугушууда Орусия тарапка эгерде Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жасаган күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча аларга карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилген. Ошондой эле нотада укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү өтүнүчү келтирилген.
«Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды»,- деп билдирди ТИМ.