Мөңгүлөр эрип жатат, суу азаят: Адистер айыл чарба жана энергетикадагы коркунучтар тууралуу эскертүүдө

10.12.2025 | 13:28

Кыргызстан алдыдагы он жылда суу ресурстарынын кескин азайышына туш болушу мүмкүн. Бул өлкө боюнча суу пайдалануу тутумун түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылат. Мындай божомолду Ирригация илим-изилдөө институтунун директору Улан Чортомбаев билдирди.

Ал көп жылдык изилдөөлөргө таянып, тынчсыздандырган маалыматтарды айтты.

«Изилдөөлөр көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшүн жана температуранын жогорулашын эске алганда, азыркы учурда Нарын дарыясы Сыр-Дарыяга жалпы агымдын болгону 40%ын гана берип жатат», — деп белгиледи Чортомбаев.

Институттун директорунун айтымында, жагдай татаал өңүттө өнүгүшү мүмкүн.

«Мөңгүлөрдүн тез эришин эске алынганда, жакынкы жылдары суунун көлөмү бир аз көбөйүшү да ыктымал. Бирок 2040-жылга карата ал кескин азайып кетиши мүмкүн», — деп эскертти ал.

Изилдөөлөр мөңгүнүн аянттары өткөн кылымдын ортосундагы маалыматтарга салыштырмалуу 18–25%га кыскарганын көрсөтүүдө.

Мунун чечими “акылдуу” технологияларда

Улан Чортомбаевдин пикиринде, көйгөйдү илимге негизделген ыкмалар жана заманбап суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү аркылуу гана чечүүгө болот.

  • Сууну өсүмдүктөрдүн тамыр зонасына түз берүү, тамчылатып сугаруу жана «акылдуу» сугаруу системаларын колдонуу;
  • Эсепке алууну автоматташтыруу. Ачык балансты жана жоготууларды көзөмөлдөө үчүн автоматташтырылган гидропостторду жана суу деңгээлин өлчөгөн датчиктерди киргизүү;
  • Санарип мониторинг: топурактын нымдуулугун реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган сенсорлорду колдонуу, бул сугарууну оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Адис институт тарабынан ойлонуп табылган технологияларды, анын ичинде борборлоштурулган башкаруу системасы жана колдонууга даяр болгон датчиктерди көрсөтүп берди.

«Технологиялар жасалып бүткөн, алар жеткиликтүү жана иштеп жатат. Суу ресурстарын башкарууну ачык жана натыйжалуу кылууга зарыл болгон бардык инструменттер бар», — деп жыйынтыктады Улан Чортомбаев. Ал өлкөнүн ирригация системасын модернизациялоодо сөздөн ишке өтүүгө чакырды.

Scroll to Top