Алдын ала маалымат боюнча эки киши – борбордун администратору жана күзөтчүсү өлдү. Бул тууралуу «112» telegram-каналы билдирди. Атышуу болгонун Москва мэри Сергей Собянин да ырастады.
Атышуудан үч киши, анын ичинде эки бала жабыркады. Учурда алар ооруканада. Бул окуя боюнча «Киши өлтүрүү» жана «Мыйзамсыз курал сактоо» беренелери менен кылмыш иши козголду.
РБК агенттиги полициядагы өз булагына таянуу менен ок чыгарган кишинин аты Сергей Глазов экенин жазды. Readovka басылмасынын маалыматына караганда, ал мурдагы аскер чалгын кызматкери. Глазов борборго жинденген абалда келген жана беткап үчүн чыр чыгарган. Аны Федералдык миграция кызматынын кызматкери кармаган.
Глазовдун ок атуучу патрондорго ылайыкташтырылып кайра жасалган травматикалык пистолети болгон. Аны эксперттер иликтеп жатышат. «112» билдиргендей, шектүү кылмышка эмне себептен барганын айткан эмес, бирок тергөөчүлөргө пандемия жана буга байланыштуу дүйнөлүк кутум жөнүндө сөз кылган.
Собянин менен Орусиянын президенти Владимир Путин атышуу учурунда шаардын түштүгүндөгү жаңы метро станцияларынын ачылыш аземине катышып жатышкан.