Махмудов Власовдун чакырыгын кабыл алды. Бишкекке чакырды

Махмудов Власовдун чакырыгын кабыл алды. Бишкекке чакырды

Орусиялык грек-рим күрөшү боюнча Олимп оюндарынын 2 жолку чемпиону  Роман Власовдун чакырыгын Акжол Махмудов кабы алды.  Ал инстаграммдагы баракчасына аны Бишкекке чакырганын билдирди.

«Машыктыруучум экөөбүз жакын арада  күрөштүн датасын жана ордун белгилейбиз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.  Бишкекте өткөрөбүз, го,  макулсузбу, Рома?»  — деп суроо калтырган.

Ошондой эле Власовдун чакырыгын кубануу менен кабыл алганын кошумчалады.

Роман  Власовдун  жетишкендиктериме берген баасын жана анын мени менен күрөшүүгө болгон каалоосун билдирүүсү  абдан кубандырды! Ушундай деңгээлдеги балбан менен килем үстүндө жолугуу мен үчүн чоң сыймык болмок! Күйөрмандарыбыз үчүн укмуштуудай беттешүү уюштурабыз деп ишенем.  Анткени, көптөгөн күйөрмандар үчүн, анын ичинде мен үчүн, ал ар дайым биздин дивизиондо үлгү болгон”- деген.

Орус спортчусу Власов Махмудовго чакырык таштап, күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан болчу.

 

Олимп чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовго чакырык таштады (ВИДЕО)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>