Москвада президент Садыр Жапаровдун саясий жолу тууралуу китеп расмий тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинде Москвадагы «Эксмо» басмаканасынан чыккан «Президент Садыр Жапаров. Жаңы Кыргызстанды куруучу» (Президент Садыр Жапаров. Созидатель нового Кыргызстана) китебинин бет ачары болуп өттү. Басылманын автору көрүнүктүү саясий ишмер жана дипломат Жумагул Сааданбеков болду.
КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана диаспоралык уюмдардын жетекчилери катышты.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев өз сөзүндө китеп мамлекет башчысынын саясий портретин калыптандырып, өлкөдөгү сапаттык өзгөрүүлөрдүн тарыхын талдай турганын баса белгиледи. Басылма Кыргызстандын өнүгүү парадигмасынын алмашуу процессин жана учурдагы президенттин жетекчилиги астында прогрессивдүү реформаларды ишке ашырууга өтүүнү сүрөттөйт. Дипломат катышуучуларга социалдык-экономикалык жана тышкы саясий чөйрөлөрдө жетишилген көрсөткүчтөр тууралуу да маалымат берди.
Презентациянын катышуучулары эмгектин тарыхый актуалдуулугун белгилешти. Китеп республика жетекчилигинин өлкөнүн экономикалык позициясын чыңдоо, туруктуулукту камсыздоо жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын каттай турганы айтылды. Басылма заманбап саясий процесстерге жана Борбор Азиядагы мамлекеттик курулуштун тарыхына кызыккан аудиторияга арналган.