Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Чак түштө үйгө кирип, алтын жасалганы уурдап кеткен. Бишкекте уурулукка шектүү кармалды
10.02.2026 | 13:11

Бишкек шаарында чак түштө үйгө кирип, алтын жасалганы уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, 6-февраль күнү саат 11:00дөн 13:00гө чейинки аралыкта белгисиз адам Ак-Босого конушундагы үйүнө эшикти бузуп кирип, баасы 50 миң сомдук алтын чынжырчаны кулону менен уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары И.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар