Москвада СССР республикаларынын Жеңишке кошкон салымы тууралуу даректүү жыйнактардын бет ачары өттү
РФ Коопсуздук кеңешинин Ситуациялык борборунда «Республикалар – фронтко 1941-1945» аттуу даректүү жыйнактар сериясынын салтанаттуу бет ачары болду. СССРдин союздук республикаларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке жетүүгө кошкон салымы тууралуу баяндаган бул басылма РФ Коопсуздук кеңешинин аппараты, Россиянын Билим берүү жана илим министрлиги, Россия тарыхый коому жана Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин (РГГУ) биргелешкен күч-аракети менен даярдалган.
Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, анын ичинде КМШнын Башкы катчысы Сергей Лебедев жана ЖККУнун (ОДКБ) Башкы катчысы Таалатбек Масадыков катышты. Бет ачардын жыйынтыгында жыйнактар Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мурасын андан ары жайылтуу жана изилдөө үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин элчилерине тапшырылды.